Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр

Sputnik
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу – билим берүүнүн сапатын арттыруунун негизги шарты. Айрыкча башталгыч класстардын мугалимдери үчүн заманбап, натыйжалуу сабак өткөрүүгө багытталган жаңы ыкмалар – санариптик технологияларды колдонуу, интерактивдүү окутуу, критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүчү методдор жана окуучуга багытталган мамиле – квалификацияны жогорулатууда өзгөчө мааниге ээ болууда. Адистердин айтымында, теория менен практиканы айкалыштырган тренингдер, мастер-класстар жана тажрыйба алмашуу аянтчалары мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүн бекемдеп, сабактын мазмунун жаңылоого жана окуучулардын билим сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Кененирээк Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директорунун орун басары Жаркын Укеева айтып берди.