Быйыл Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат

Sputnik
2025-2026-жылдар аралыгында Ала Арча жаратылыш паркы ишмердүүлүгүндө бир катар маанилүү иш-чаралар жана инфраструктуралык өзгөрүүлөр орун алды. Алар туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу, экологияны сактоо, коомдук иш-чаралар жана туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Жакында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда асма жолдун ачылышы болуп, учурда конокторго кызмат көрсөтүүдө. Мындан тышкары, Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат. Инфратүзүмдүк долбоорлор, жаңылануулар тууралуу Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын директорунун орун басары Кубаныч Жекшенбеков айтып берди.