БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан экзамен алуунун тартиби аныкталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айтылды.
Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосуновдун билдиришинче, бул боюнча атайын жобо иштелип чыкты. Ага ылайык, эрежени одоно бузган айдоочулар токтотулуп, планшет менен тест тапшырышат.
"Берилген алты суроонун төртөөнө туура жооп бергендер жолун улантат. Жооп бере албагандардын айдоочулук күбөлүгү алынып, кайра экзамен тапшырууга жөнөтүлөт", — деди аткаминер.
Ал мунун баары автоматташтырылган маалыматтык тутумда болорун белгиледи.
Эскерте кетсек, эрежени одоно бузуу учурларына номери жок унаа айдоо, ылдамдыкты ашыруу, жол чырактын кызылынан өтүү, каршы тилкеге чыгуу сыяктуу беренелер кирет.