Жалал-Абадда 100 чек арачыга батир берилди

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда 100 чек арачыга батир берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
1 / 3

Жалал-Абадда 100 чек арачыга батир берилди

2 / 3

Турак жай мамлекеттик ипотека аркылуу берилген

3 / 3
100 семей пограничников получили жильё в Джалал-Абадской области
Маалыматка караганда, турак жай мамлекеттик ипотека аркылуу берилген. Үйлүү болгондордун жарымы Сузак районундагы "Асман-6" турак жай комплексинен батир алса, калганы ээ болгон батирлер "Асман-4" комплексинде жайгашкан.
"Жеке курамды үй менен камсыздоо артыкчылыктуу багыт бойдон калууда. Акыркы беш жыл ичинде 600дөн ашуун чек арачы турак жайлуу болду", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аскер кызматкерлеринин ипотекалык насыясын толугу менен мамлекет жаап берет.
Үй алууга пенсиялык топтомду бир нече ирет колдонууга уруксат берүү сунушталды