БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бүгүнкү күндө Украинанын айланасындагы тирешүү адамзат үчүн дагы кооптуу, дагы бир жаңы кырга, секиге чыкканы турат. Бул туурасында ЕККУдагы РФтин өкүлү Дмитрий Полянский айтканын РИА Новости жазды.
Дипломат 2025-жылдын август айында Анкорижде өткөн Россия — Америка жолугушуусунун жыйынтыгынан кийинки сөз табышуу белгилүү бир шарттуулукту түзгөнүн эске салды. Ал украин кризисин түпкү себептерин жоюу аркылуу туруктуу, тынчтыкты адилеттүү жана узак мөөнөттүү негизде жөнгө салууга үмүт берерин айтты.
"Анткен менен тынчтыкка каршы турган жана русофобияны туу туткандарды бул нерсе токтото алган жок. Россия менен АКШ сунуштаган чечүү жолдору аларга жакпайт. Бүгүнкү күндө Украинанын айланасындагы тиреш адамзат үчүн дагы кооптуу, дагы бир жаңы секиге чыкканы турат", — деди ал Венада өткөн тегерек столдо сүйлөп жатып.
Полянский Россияны атайын операцияда жеңүүгө мүмкүн эместигин, Европанын бир катар мамлекеттеринде бул өлкөнү өз элине баскынчы, коркунучтуу кылып көрсөтүүгө аракет кылып келишет.
"Бул Батыштын жакында токтотуу ниетинде жок, узактан бери кылып келе жаткан ырааттуу иши. Мунусу менен биздин континентти жаңы согушка түртүп жатат. Бул факторлордун бардыгын көрүп туруп, Европа өлкөлөрүнүн украин жаңжалын басууга аракет кылып жатат деп кантип айта алабыз? Ушундан кийин алардын сүйлөшүү столунда отурабыз дегени канчалык негиздүү?" — деп Полянский суроо салган.
Дипломат аталган жыйындын жыйынтыгы менен ага катышкандар украин жаңжалын жөнгө салуу үчүн кармаштын түпкү себептерин жоюу зарыл экенине дагы бир жолу ынанышса керек деген үмүтүн билдирген.