БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстанда спорттук медицина жаңы деңгээлге чыгып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев ведомствонун коллегиясында билдирди.
Ал өлкөдө "Мүрөк" аттуу спорттук медицина жана реабилитация борборунун курулушу башталганын айтты. Бул Кыргызстандагы FIFA жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берген алгачкы адистештирилген спорттук реабилитациялык борбор болот.
"Биз спорттук медицинаны өнүктүрүү максатында реабилитациялык борбордун курулушун баштадык. Ал жерде Улуттук курама командалардын бардык мүчөлөрү толук жана акысыз медициналык жардам ала алышат. Бул биринчи кезекте допингдик тобокелдиктерге жол бербөө үчүн маанилүү. Мурда спортчулар жеке жана мамлекеттик медициналык мекемелерде дарыланышчу. Бизде аларга кандай дары-дармек дайындалып жатканын дайыма көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк болчу эмес. Ал эми антидопингдик талаптар жыл сайын катаалдашууда, тыюу салынган заттардын өтө аз өлчөмү да олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Өзүбүздүн борборду түзүү спортчуларыбызды мындай тобокелдиктерден коргоого мүмкүндүк берет", — деди Молдажиев.
Маалыматка ылайык, борбордун жалпы аянты 6 миң чарчы метрден ашат. "Мүрөктө" 120дан ашык дарыгер иштейт. Объект президенттик фонддун колдоосу менен курулууда.
Молдажиев ошондой эле Ысык-Көлдө 40 гектар жерге спорттун бардык түрү боюнча машыгуу базалары камтылган олимпиадалык шаарча куруу пландалып жатканын кошумчалады.