Путин: Россия конституциялык түзүлүштү кыйратчуларга катуу чара көрүшү керек

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россия өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн кыйратмак болгондорго катуу чара көрүшү керек. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) коллегиясында билдиргенин РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260224/putin-2076447153.html
"Биз бул салтты сактап, өнүктүрүп жана коргошубуз керек. Россиянын конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин бузууга же алсыздандырууга жасалган аракеттерге катуу чара көрүү зарыл", — деген ал.
РФ лидеринин жыйындагы негизги билдирүүлөрү:
ФСБ террорчулукка каршы күрөштү күчөтүшү керек;
атайын аскердик операцияны өткөрүү кызматтан чыйрак болууну жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылат;
Россиянын каршылаштары сүйлөшүү жолунда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу ниетинде;
Коргоо министрлигинин айрым кызмат адамдарынын жана өлкөнүн коргонуу өнөр жай комплексинин коопсуздугун жогорулатуу зарыл;
Россиянын мамлекеттик чек арасын коргоо боюнча кошумча чара көрүү абзел;
Москвадагы Савеловский бекетиндеги жардырууну жасаган адам интернет аркылуу азгырылган болушу мүмкүн;
Россиядан газ ташыган "Түрк агымы" жана "Көгүлтүр агым" деп аталган эл аралык газ куурларын жардырууга камынып жаткандар тууралуу маалымат бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Киевдин достук меморандумун бузушу атайын операцияга себеп болду