Өкмөт темир жана автоунаанын катализаторлорун сыртка ташууга тыюу салды

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Министрлер кабинети темирди жана автоунаанын катализаторлорун экспорттоого убактылуу тыюу салды. Бул туурасында өкмөттүн атайын токтомунда айтылат.
Сыртка ташып чыгууга коюлган чектөө кара металлдардын сыныктарына, өндүрүш калдыктарына жана кайра эритүүгө пайдаланылуучу куймаларга киргизилген.
Мындан тышкары, чектөө мурда колдонулган катализаторлорго жана алардын курамындагы баалуу металлдардын калдыктарына да тиешелүү.
Буга чейин аталган жаатта демилге парламентарийлер тарабынан көтөрүлүп, анда жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 35 миң сом айып салуу каралган.
Техкароодон өтүүдө жасалма корутунду бергендерге жана катализатордун ишин имитациялоо менен алектенгендерге жоопкерчилик киргизүү сунушталган.
Маалымат борбор
Кыргызстанда катализатору жок машиналарды алып-сатууга тыюу салуу пландалууда