БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Москвадагы Савеловский вокзалындагы жардыруудан бир автоинспектор каза болду. Бул тууралуу РФ ИИМине таянып РИА Новости жазды.
Укук коргоочулардын айтымында, өткөн түнү кызматтык унаада отурган патрулдук полиция кызматкерлерине белгисиз адам жакындаган учурда жардыруу болгон. Кийинчерээк вокзалдын аймагына байкоо жүргүзгөн камералардан кылмышкер да ошол жерде каза болгону аныкталган.
Мындан тышкары, дагы эки полиция кызматкери жаракат алып, шаардык ооруканалардын бирине жеткирилген. Учурда күч түзүмдөрү окуянын жагдайларын тактоодо. Кылмыш иши козголду.