БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Манас шаарынын аталышы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
"Соцтармакта айрымдардын Жалал-Абад облусунун Манас шаары мурунку аталышын алат экен деген өңдүү маалыматтар чындыкка дал келбейт. Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча маселе каралган жок жана каралбайт. Шаар Манас деген азыркы аталышы менен эле калат", – деди Алагөзов.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад калаасы расмий түрдө Манас шаары болуп өткөн жылдын сентябрь айында өзгөртүлгөн.
Калаанын аталышын өзгөртүү демилгесин ошол кездеги мэр Эрнисбек Ормоков көтөргөн. Анын сунушун шаардык кеңеш колдогон. Өкмөт мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкуудан кийин Жогорку Кеңеш караган. Соңунда мыйзам долбооруна мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.