БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Таластагы "Орозалы" аталышындагы күрөөкана мурда мыйзамсыз тартып алган кыймылсыз мүлктү ээсине кайтарды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күрөөкана ээси С.У. аттуу кардарына Талас районунда жайгашкан турак үйүн кайтарып берген. Ошондой эле 10 жаранга мурда күрөө катары өткөрүлгөн кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтери кайтарылган.
"Күрөөкананын ээси 2024-жылдын жай мезгилинен азыркыга чейин жылдык ченди 30 пайыздан ашырып эсептеген кардарларына ашыкча алынган каражатты кайтарып берерин билдирди. Мурда ушундай пайыз менен акча алгандар мыйзамда белгиленген тартип боюнча күрөөканага кайрылып, ашыкча алынган акчасын кайтара алышат", – деп айтылат маалыматта.