БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов ээлеген кызматынан бошотулганын "Ынтымак ордодон" билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Досмамбетов аталган кызматка 2025-жылдын аяк жагында дайындалган болчу.
Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев иниси менен мүлк тартып алуу боюнча сүйлөшкөн аудиодо Каныбек Досмамбетовдун дагы аты аталган.