БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Еврокеңештин башчысы Антониу Кошта Киевге Россияга каршы жаңы санкциялар кабыл алынды деген жаңылык жана 90 миллиард евролук насыя берилет деген убада менен барууга үмүттөнгөн эле. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.
Бирок бир катар кырдаалдан улам европалык аткаминерлер Украинанын борборуна куру кол келчүдөй болуп турат.
Будапешт 18-февралда Украинага дизель жеткирүүнү токтотуп, 20-февралда насыя берүү маселесине келгенде колдоо көрсөткөн эмес. Буга "Дружба" газ түтүгү аркылуу Венгрия менен Словакияга мунай өтпөй жатканы себеп болгон.
Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто 22-февралда Будапешт ЕБдин Россияга карата койгон кезектеги санкциясынын 20-пакетин киргизүүгө бөгөт коерун расмий билдирген.