БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал "Бикард" жеке клиникасында башкы дарыгер болчу. Кесиби боюнча кардиолог, 44 жашта.
Буга чейин Каныбек Досмамбетов өз каалоосу менен саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган.