БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Ак-Суу айылында азык-түлүктү муздатып сактаган заманбап комплекс курула баштады. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоорду аталган фонд колдоп жатат. Кампанын аянты 5 миң чарчы метрди түзөт. Ага үч миң тоннага чейин тоңдурулган мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоого болот. Кийинчерээк ишкананын сактоо кубаттуулугу эки эсеге көбөймөкчү.
РКӨФ жетекчиси Артем Новиков белгилегендей, долбоор 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү программасы жана Садыр Жапаров тарабынан коюлган Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү милдеттерине ылайык ишке ашырылууда.
"Биз жөн эле кампа куруп жаткан жокпуз, Кыргызстан экологиялык таза продукцияларды өндүрүүчү өлкө катары дүйнөлүк рынокко таанылышына шарт түзүп жатабыз. Жаңы комплекс фермерлерден жашылча-жемишти үзгүлтүксүз кабыл алууга мүмкүндүк берип, түшүмдү жоготуу тобокелдиктерин жоёт", — деди Новиков.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Азамат Осмонов долбоордун аймак үчүн стратегикалык маанисин белгиледи.
"Бүгүн Чүй облусу айыл чарба аймагы катары гана эмес, өндүрүштүк борбор катары да кабыл алынууда. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу аймактын өнөр жай потенциалын күчөтөт", — деди ал.
Ак-Суудагы жаңы хаб продукциянын сапатын эл аралык талаптарга ылайык сактайт.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 2014-жылы Кыргызстан жана Россиянын өкмөттөр аралык келишиминин негизинде түзүлгөн. Ал республиканы ЕАЭБге интеграциялоо процессиндеги эң негизги инструмент болуп саналат. Максаты — эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын колдоо, Кыргызстандын экономикасын модернизациялоо жана өнүктүрүү. Ошондой эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуудан келип чыккан мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу.