БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев кызматтан кетти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынеын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, буга чейин Таймурас Ташиев Жалал-Абаддагы заводдордун бирин рейдерлик жол менен тартып алганы айтылган аудио тараган. Анда Бакыт Төрөбаев мурдагы депутат Эркин Жолдошалиев менен сүйлөшкөнү маалым болгон. Экс-министр бул аудио боюнча түшүндүрмө берген болчу.
Төрөбаев аталган кызматка 2023-жылдын соңунда дайындалган.