Эрлист Акунбеков минкаб төрагасынын орун басарынын милдетин аткармай болду

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Эрлист Акунбеков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти.
Анын талапкерлигин эми Жогорку Кеңеш карайт.
43 жаштагы Акунбеков "Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору.
Эске салсак, буга чейин аталган кызматты аркалаган Бакыт Төрөбаев отставкага кеткен.
Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду