Акунбеков Эрлист Абакирович — өмүр баяны

Эрлист Акунбеков 1983-жылдын 10-июнунда Ош шаарында төрөлгөн.
Sputnik
Ош мамлекеттик университетин (ОшМУ) "бизнес жана менеджмент" адистиги боюнча бүтүргөн. Андан кийин Москва мамлекеттик университетинде (МГУ) "бизнести башкаруу" адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
Эмгек жолу:
2005-жылдын январь-майы — Ош шаарындагы "Энергобанк" ЖЧКсынын филиалында Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредит адиси;
2005-жыл май-октябрь — Ош шаарындагы "Энергобанк" ЖЧКсынын филиалынын кредит бөлүмүндө Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредиттөө секторунун адиси;
2005-жылдын октябрь айынан 2006-жылдын февраль айына чейин — "Энергобанк" ЖЧКсынын Оштогу филиалынын кредит бөлүмүндө Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча кредиттөө секторунун башчысы;
2006-жыл февраль-декабрь — "Энергобанк" ЖЧКсынын чакан жана орто бизнести кредиттөө башкармалыгынын кредиттөө секторунун башчысы;
2006-жылдын декабрында — "Энергобанк" ЖЧКсынын чакан жана орто бизнести кредиттөө башкармалыгынын төрагасынын орун басары (кийин "АТФ Банк-Кыргызстан" деп өзгөргөн);
2008-2010 — "АТФ Банк-Кыргызстан" (кийин "ЮниКредит Банк" болгон) банкынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору;
2011-2013 — "Ремстроймост" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
2013-2014 — ATS-Group ЖЧКсынын аткаруучу директору;
2014-жылдын январь айынан тарта — "Жер семирткичтерди жеткирүүчүлөрдүн кыргыз ассоциациясы" аттуу юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы;
2014-жылдын май айынан тарта — ATS-Group (ЭйТиЭс-Групп) ЖЧКсынын башкы директору.
2026-жылдын 24-февралынан тарта министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу.