БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 3…8, Талас жеринде 5…10, Ысык-Көл облусунда 4…9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 14…19, Нарын өрөөнүндө -2…+3 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 5…7, Ош шаарында 17…19 градусту түзөт.