Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Эрлист Акунбеков министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Анын талапкерлигин эми Жогорку Кеңеш карайт. 43 жаштагы Акунбеков "Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору. Эске салсак, буга чейин аталган кызматты аркалаган Бакыт Төрөбаев отставкага кеткен.
Дамирбек Осмонов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал "Бикард" жеке клиникасында башкы дарыгер болчу. Кесиби боюнча кардиолог, 44 жашта. Буга чейин Каныбек Досмамбетов өз каалоосу менен саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Ак-Суу айылында азык-түлүктү муздатып сактаган заманбап комплекс курула баштады. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду аталган фонд колдоп жатат. Кампанын аянты 5 миң чарчы метрди түзөт. Ага үч миң тоннага чейин тоңдурулган мөмө-жемиш жана жашылчаларды сактоого болот. Кийинчерээк ишкананын сактоо кубаттуулугу эки эсеге көбөймөкчү. РКӨФ жетекчиси Артем Новиков белгилегендей, долбоор 2030-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү программасы жана Садыр Жапаров тарабынан коюлган Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспортун көбөйтүү милдеттерине ылайык ишке ашырылууда. "Биз жөн эле кампа куруп жаткан жокпуз, Кыргызстан экологиялык таза продукцияларды өндүрүүчү өлкө катары дүйнөлүк рынокко таанылышына шарт түзүп жатабыз. Жаңы комплекс фермерлерден жашылча-жемишти үзгүлтүксүз кабыл алууга мүмкүндүк берип, түшүмдү жоготуу тобокелдиктерин жоёт", — деди Новиков. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Азамат Осмонов долбоордун аймак үчүн стратегикалык маанисин белгиледи.
Дене тарбия жана спорт агенттиги 2026-жылга карата инфраструктуралык долбоорлорго басым жасайт. Бул тууралуу агенттиктин директору Казыбек Молдажиев билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында көп функциялуу спорттук борборду, Каракол шаарында 200 орундуу мейманкананы, олимпиадалык стандарттарга жооп берген бассейнди, Бокс академиясын, Лыжа академиясын, спорттук интернатты жана 5 миң орундуу спорт комплексин куруу долбоорлору бар. Алар өлкөдөгү спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана машыгуу базасын бекемдөөгө багытталган.Директор ошондой эле спортчулардын “Мүрөк” медициналык борбору да быйыл бүткөрүлүп, ишке бериле тургандыгын кошумчалады. Директор белгилегендей, Бишкек шаарында курулуп жаткан спортчулар үчүн “Мүрөк” медициналык борборун 2026-жылы пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.