Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министри Бакыт Төрөбаев кызматтан кетти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынеын маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, буга чейин Таймурас Ташиев Жалал-Абаддагы заводдордун бирин рейдерлик жол менен тартып алганы айтылган аудио тараган. Анда Бакыт Төрөбаев мурдагы депутат Эркин Жолдошалиев менен сүйлөшкөнү маалым болгон. Экс-министр бул аудио боюнча түшүндүрмө берген болчу. Төрөбаев аталган кызматка 2023-жылдын соңунда дайындалган.Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов ээлеген кызматынан бошотулганын "Ынтымак ордодон" билдиришти. Маалыматка ылайык, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Досмамбетов аталган кызматка 2025-жылдын аяк жагында дайындалган болчу.
Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспорттук дараметин арттыруу максатында 2030-жылга чейин өлкө аймагында кошумча 40 соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, бул кадам өлкөнүн 2030-жылга чейинки стратегиялык өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылат. Анын ичинде 2026-жылдын соңуна чейин 75 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү каралса, алардын сегизи ири логистикалык борборлор болмокчу.
Кыргызстан 2025-жылы 3,86 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттогон. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди. Энергетика министрлиги Sputnik агенттигине өлкөлөр боюнча маалыматтарды төмөнкүдөй бөлүштүрүп берди: Казакстандан 1,44 миллиард киловатт-саат импорттолгон; Түркмөнстандан — 1,61 миллиард; Өзбекстандан — 1,14 миллиард; Россиядан — 221,7 миллион. Алгач 4,38 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоо пландалган.
Кыргызстанда спорттук медицина жаңы деңгээлге чыгып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев ведомствонун коллегиясында билдирди. Ал өлкөдө "Мүрөк" аттуу спорттук медицина жана реабилитация борборунун курулушу башталганын айтты.Бул Кыргызстандагы FIFA жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берген алгачкы адистештирилген спорттук реабилитациялык борбор болот. "Биз спорттук медицинаны өнүктүрүү максатында реабилитациялык борбордун курулушун баштадык. Ал жерде Улуттук курама командалардын бардык мүчөлөрү толук жана акысыз медициналык жардам ала алышат. Бул биринчи кезекте допингдик тобокелдиктерге жол бербөө үчүн маанилүү. Мурда спортчулар жеке жана мамлекеттик медициналык мекемелерде дарыланышчу. Бизде аларга кандай дары-дармек дайындалып жатканын дайыма көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк болчу эмес. Ал эми антидопингдик талаптар жыл сайын катаалдашууда, тыюу салынган заттардын өтө аз өлчөмү да олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Өзүбүздүн борборду түзүү спортчуларыбызды мындай тобокелдиктерден коргоого мүмкүндүк берет", — деди Молдажиев. Маалыматка ылайык, борбордун жалпы аянты 6 миң чарчы метрден ашат. "Мүрөктө" 120дан ашык дарыгер иштейт. Объект президенттик фонддун колдоосу менен курулууда.