ВПЧга каршы эмдөө — жатын моюнчасынын рагынан коргонуунун ишенимдүү жолу

Sputnik
Адамдын папиллома вирусу (ВПЧ) контакттык жана жыныстык жол аркылуу жугат. Адамдардын басымдуу бөлүгү бул вирусту жыныстык жол менен жуктурушат. Көпчүлүк учурда организм ВПЧны өзү жеңет, бирок айрым учурларда ал жатын моюнчасынын рагына жана башка онкологиялык ооруларга алып келет. Анткени оору узак убакыт бою белгилерсиз өтүп, жуктуруп алган адам 10-15 жыл билбей жүрө берет. Бул илдет менен көбүнчө аялдар жабыркайт. Ошондуктан аялдар жылына бир жолу гинекологго кайрылып, аталган инфекцияга анализ тапшыруусу керек. ВПЧны алдын алуунун эң натыйжалуу жолу жыныстык катнашка барганга чейин эмдөө алуу болуп саналат. Вакцина 9–14 жаш куракта жасалганда иммунитет күчтүү калыптанат. Эмдөө кыздарга гана эмес, балдарга да сунушталат, анткени вирус эркектер үчүн да коркунучтуу жана алар ташуучу болуп саналарын гинеколог жана урогинеколог Назира Таалайбекова айтып берди.