Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Жогорку Кеңешке эки жаңы депутат келгенин БШКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, БШК Райимберди Дуйшенбиевге №14, Жайлообай Нышановге №15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутаттарынын мандаттарын берген. Алар эл өкүлү катары катталып, ырастама жана төш белгиге ээ болушкан. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырган. Анда ал эч бир саясий интригаларга, айрыкча 75 ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашпаганын кошумчалаган. Ошондой эле Кундузбек Сулайманов да өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырганын айткан. Ага чейин социалдык тармакка анын менен энергетика министринин мурдагы орун басары Курсантбек Өмүрбековдун телефон сүйлөшүүсү делген видео тараган. Анда депутат тааныштарын жумушка коюп, кадр маселесине аралашып жатканын угууга болот.
1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тариф 27 тыйынга жогорулайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында билдирди. Учурда киловатт-саатына 1 сом 37 тыйындан төлөнөт. Өкмөттүн тарифтик саясатына ылайык, электр кубатынын тарифтери жыл сайын көтөрүлөт. Бийлик 2030-жылга чейин тарифти өздүк наркка жеткирүүнү көздөөдө. Ошондой эле Таалайбек Ибраев 2030-жылга чейин электр энергиясынын тарифтери кандайча жогорулай турганын билдирди: 2026-жылдын май айында электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттайт; 2027-жылдын май айында — 33 тыйынга; 2028-жылдын май айында — 39 тыйынга; 2029-жылдын май айында — 47 тыйынга; 2030-жылдын май айында 57 тыйынга жогорулайт. Ушундай жол менен тариф электр энергиясынын өздүк наркынын деңгээлине жеткирилет.**Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерине арналган республикалык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов каттоо электрондук форматта өтөрүн жана алдыдагы кампаниянын негизги өзгөчөлүгү кагаз жүзүндөгү маалыматтардан толук баш тартуу болорун маалымдады. Маалыматтарды чогултуу каттоочулардын түзмөктөрүндөгү мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлөт, ал эми маалыматтарды Улутстаткомдун борбордук серверине берүү корголгон байланыш каналдары аркылуу ишке ашырылат, бул маалыматтарды иштеп чыгуунун купуялуулугун жана ыкчамдуулугун камсыз кылат.2025-жылдын декабрь айында процесстерди натыйжалуу башкаруу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Республика боюнча каттоо ишин жүргүзүүгө жалпысынан 6 791 убактылуу кызматкер тартылат
2030-жылдын аягына чейин Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 420,8 МВт түзгөн 48 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Ошондой эле ал 2021-жылдан бери республика боюнча жалпы кубаттуулугу 109,8 МВт болгон 27 чакан ГЭС ишке берилгенин маалымдады. "Өндүрүлгөн электр энергиясынын жалпы көлөмү жылына 427 млн кВт саатты түзөт", - деди министр.