Акыркы жылдары айылдарга ичүүчү суу жеткирилгени менен, көптөгөн аймактарда калк дагы эле таза сууга толук жетпей келет. Өлкөдөгү 2014 айылдын 836 айылы таза суу менен камсыздалган. Бишкек, Ош шаарларынын карамагындагы 60 айылдын 58 айылы ичүүчү суу менен камсыздалган. Ал эми өлкөнүн жалпы облустарында 1 миң 954 айыл болсо, анын ичинен 778 айылда таза суу жеткиликтүү. Калган айылдардын ичинен 772синде таза суу менен камсыздоо долбоорлору ишке ашырылып жатса, 407 айылга курулуш жүргүзүү үчүн инвестиция керектелүүдө. 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын куруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Бул иштер өлкөдө экологиялык абалды жакшыртып, элдин жашоо сапатын жогорулатат.
Бул тууралуу , Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү кеп кылшты.