Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Женева шаарындагы БУУнун кеңсесинде өтүп жаткан Куралсыздануу боюнча конференциянын Жогорку деңгээлдеги сегментинде сөз сүйлөдү. Ведомстводон маалымдашкандай, Кыргызстан бул конференцияга тарыхында биринчи жолу катышты. Кулубаев дүйнөлүк коопсуздук системасы мамлекеттер ортосундагы ишенимдин төмөндөшү, колдонуудагы келишимдик механизмдердин алсырашы жана эл аралык укуктун нормаларынан ылдам өнүгүп жаткан аскердик технологиялар менен мүнөздөлгөн терең өзгөрүүлөр мезгилин баштан кечирип жатканын белгиледи. Кыргызстан өзгөчө СНВ-III келишиминин мөөнөтүнүн аякташы жана өзөктүк державалар ортосунда стратегиялык туруктуулукту жана кармоону камсыз кылган жаңы механизмдин жоктугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Министр ошондой эле Европадагы коопсуздук архитектурасынын кризисине жана ишенимди бекемдөө, ачык-айкындуулук чараларынын алсырашына көңүл буруп, ири масштабдагы жаңы жаңжалдардын алдын алуу максатында бардык тараптарды мамилелерди кайра карап чыгууга чакырды.
Кыргызстанда эсептик чен 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Башкы банк "экономикада инфляцияга түрткү болуучу факторлорго" байланыштуу ушундай чечим кабыл алганын билдирди. Эсептик чен — өлкөдөгү насыя жана депозиттердин пайыздык ченине таасир этүүчү негизги көрсөткүч. Эгер эсептик чен жогору болсо банктар үчүн акча кымбаттайт, демек, калк жана бизнес үчүн насыя да кымбат болот. Мында жарандар жана бизнес аз карыз алат, чыгымы аз болот. Натыйжада акча жүгүртүү азайып, суроо-талап төмөндөйт. Товарлар менен кызматтардын баасы жай өсөт же түшөт. Демек, инфляция басаңдайт.
Тышкы иштер министрлиги Мексикадагы башаламандыктардан улам кыргызстандыктарды ал жакка барбай турууга чакырды. Ал эми Мексикада жүргөндөргө эл көп чогулган жайлардан алыс болуп, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткаруу сунушталды.Суроо жаралса Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиликтерине байланышса болот.Эске салсак, Мексикадагы ири баңгизат мафиясынын лидери Немесио Осегера Сервантес жок кылынгандан кийин өлкөнүн беш штатында башаламандык чыккан. Соңку маалыматтар боюнча, кеминде 18 адам каза болду.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен Еврокеңештин башчысы Антониу Кошта Киевге Россияга каршы жаңы санкциялар кабыл алынды деген жаңылык жана 90 миллиард евролук насыя берилет деген убада менен барууга үмүттөнгөн эле. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды. Бирок бир катар кырдаалдан улам европалык аткаминерлер Украинанын борборуна куру кол келчүдөй болуп турат. Будапешт 18-февралда Украинага дизель жеткирүүнү токтотуп, 20-февралда насыя берүү маселесине келгенде колдоо көрсөткөн эмес. Буга "Дружба" газ түтүгү аркылуу Венгрия менен Словакияга мунай өтпөй жатканы себеп болгон. Венгрия ТИМинин башчысы Петер Сийярто 22-февралда Будапешт ЕБдин Россияга карата койгон кезектеги санкциясынын 20-пакетин киргизүүгө бөгөт коерун расмий билдирген.