Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?

Sputnik
Өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кызуу жүрүп жатат. Быйыл республика боюнча 1 миллион 250 миң гектар айдоо аянты бекитилди. Айрым өсүмдүктөрдүн аянты көбөйтүлүп, суу аз талап кылган өсүмдүктөргө артыкчылык берүү сунушталууда. Дыйкандарды жер семирткич менен камсыздоо максатында 26 миң тонна жер семирткич ташылып келинип, өлкө аймагында 30–40 сатуу пункту уюштурулду. Дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү 85 пайызга камсыздалса, башка айыл чарба өсүмдүктөрү боюнча үрөн менен толук камсыздалды. Негизинен жазгы талаа жана оруп-жыйноо иштерине жалпы 40 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектелет. Анын 7 миң тоннасы жеңилдетилген баада таратылып, дыйкандар антимонополия кызматы бекиткен 74 сомдук баа менен сатып ала алышат. Жазгы талаа иштерине даярдык тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Күн башат” уктуруусунда кенен кеп кылды.