1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 27 тыйынга көтөрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. 1-майдан тарта электр энергиясы үчүн тариф 27 тыйынга жогорулайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Учурда киловатт-саатына 1 сом 37 тыйындан төлөнөт. Өкмөттүн тарифтик саясатына ылайык, электр кубатынын тарифтери жыл сайын көтөрүлөт. Бийлик 2030-жылга чейин тарифти өздүк наркка жеткирүүнү көздөөдө.
Ошондой эле Таалайбек Ибраев 2030-жылга чейин электр энергиясынын тарифтери кандайча жогорулай турганын билдирди:
2026-жылдын май айында электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттайт;
2027-жылдын май айында — 33 тыйынга;
2028-жылдын май айында — 39 тыйынга;
2029-жылдын май айында — 47 тыйынга;
2030-жылдын май айында 57 тыйынга жогорулайт.
Ушундай жол менен тариф электр энергиясынын өздүк наркынын деңгээлине жеткирилет.
Бишкектеги ЖЭБ-2 кийинки кышта ишке кириши мүмкүн