Былтыр Кыргызстан 3,9 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттоду

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстан 2025-жылы 3,86 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттогон. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте билдирди.
Энергетика министрлиги Sputnik агенттигине өлкөлөр боюнча маалыматтарды төмөнкүдөй бөлүштүрүп берди:
Казакстандан 1,44 миллиард киловатт-саат импорттолгон (пландалганы — 1,7 миллиард);
Түркмөнстандан — 1,61 миллиард (1,25 миллиард);
Өзбекстандан — 1,14 миллиард (1,18 миллиард);
Россиядан — 221,7 миллион (255,2 миллион).
Алгач 4,38 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоо пландалган.
1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 27 тыйынга көтөрүлөт