БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев интернетте тарап жаткан аудио боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, аудиодогу Эркин Төрөбаев анын бир тууган агасы Жолдошалинин уулу болот.
“Камчыбек Кыдыршаевич Барселонанын жанында иниңдин жер тилкеси бар экен, сатып алалы деп жатабыз, арзаныраак сүйлөшүп берчи деп кайрылган. Мен иним менен көп байланышта болбогондуктан, маселени тактоо үчүн бир тууган агама “Эркиндин жери бар экен, сатып алабыз деп жатышыптыр, байланыштырып коёсузбу” деп айткам. Андан ары жер канчага сатылганы же кандай соодалашуу болгонуна кызыккан эмесмин”, — деди Төрөбаев.
Ал жакында Эркиндин айрым мүлктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан тартып алынганы тууралуу сөздөрдү угуп, чын-төгүнүн билүү максатында өзүнө телефон чалып, тактоочу суроолорду гана бергенин белгиледи. Ал баарлашуу туугандык деңгээлде экенин белгилеп, саясий максатта пайдаланбоону өтүнгөн.
Эске салсак, буга чейин Таймурас Ташиев Жалал-Абаддагы заводдордун бирин рейдерлик жол менен тартып алганы айтылган аудио тараган. Анда Бакыт Төрөбаев мурдагы депутат Эркин Жолдошалиев менен сүйлөшүп жаткан.