БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ИИМ менен УКМКнын жетекчилери баштаган күч түзүмдөрүнүн сегиз өкүлүнө жана прокуратура тармагындагы бир кызматкерге жаңы чин ыйгарды.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы бул боюнча атайын жарлык чыкканын билдирди.
Алар:
ички иштер министри Улан Ниязбеков — милициянын генерал-полковниги;
УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков — генерал-лейтенант;
Башкы штабдын башчысы Тариэл Отонбаев — генерал-майор;
коргоо министринин орун басары Таалайбек Шаршеев — генерал-майор;
Абадагы кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн башчысы Талантбек Талипов — генерал-майор;
УКМКнын орун басарлары Уранбек Шадыбеков, Акылбек Намазов жана Алишер Эрбаев — генерал-майор;
башкы прокурордун орун басары Малик Бектурганов юстициянын генерал-майору болду.