Чүйдөгү түрмөнүн экс-жетекчиси 30 миң доллар пара алууга шектелип кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Молдовановкадагы №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы жетекчиси кызматтык абалынан пайдаланып пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 57 жаштагы К.Ш. арыз менен кайрылып, Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин биринин жетекчисине чара көрүүнү өтүнгөн. Анда 2025-жылдын декабрында "Алдамчылык" боюнча соттолгон адамды мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин чечүү үчүн кызматкер андан 30 миң доллар алганы айтылат.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси ("Пара алуу") менен кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө №27 түзөтүү мекемесинин мурдагы жетекчиси, 42 жаштагы Т.М. кармалып, Бишкек убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
ИИМ аталган адамдын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0709 843 307 же 102 номерине кайрылууга чакырат.
Бишкек мэриясынын кызматкери 1 млн. сом пара менен кармалды