БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. ЦУМдун жанындагы оргуманын ордуна темирден салынган имарат бузулууда.
Эскерте кетсек, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМдун) жанындагы объектини үч күндүн ичинде бузууну тапшырган. Мындай чечим жасала турган курулуштун эскиздери пландалгандан өзгөрүп, белгиленген чектен чыгып кеткенинен улам кабыл алынган. Мэр азыркыдай объект түшсө дүкөндүн жанындагы фонтанды сактап калууга мүмкүн болбой каларын белгиледи.
ЦУМдун жанындагы жолду салуу жана айланасындагы курулуштарды реконструкциялоо иши башталгандан тарта улам бир көйгөй чыгып келет. Бул ишкер Нариман Түлеевдин Old Bishkek долбоорунун алкагында жүрүп жаткан. Коомчулук Чүй проспектинин ошол аймактагы эни тарыганына жана ЦУМдун жанындагы курулуштун өзгөрүп кеткенине нааразы болгон. Аягында Түлеев жолду кеңейтип, курулуштун соңку кабатын алууга мажбур болгон.