ТИМ кыргызстандыктарды Мексикага барбай турууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Мексикадагы башаламандыктардан улам кыргызстандыктарды ал жакка барбай турууга чакырды.
Ал эми Мексикада жүргөндөргө эл көп чогулган жайлардан алыс болуп, жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткаруу сунушталды.
Суроо жаралса Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчиликтерине төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот:
+1 (202) 449-98-22;
+1 (202) 256-2924;
kgconsulate.washington@mfa.gov.kg.
Эске салсак, Мексикадагы ири баңгизат мафиясынын лидери Немесио Осегера Сервантес жок кылынгандан кийин өлкөнүн беш штатында башаламандык чыккан. Соңку маалыматтар боюнча, кеминде 18 адам каза болду.
Мексикада наркомафиянын лидери өлтүрүлгөн соң башаламандык башталды. Видео