Төрага Марлен Маматалиев Россияга расмий сапар менен барат

Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу анын Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алууда белгилүү болгонун парламенттин маалымат кызматы билдирди.
"Бул сапар парламенттер аралык диалогду эле эмес, мамлекеттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андыктан жолугушууларда эки тараптуу байланыштарга тиешелүү жагдайлар талкууланып, расмий сапар жемиштүү болот деген ишеничтемин", — деди Маматалиев.
Ал эми элчи Вакунов Маматалиевди Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланышы менен куттуктап, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады. Муну менен бирге сапарды уюштурууда болгон күч-аракетин жумшап, көмөк көрсөтүүнү убадалады.
Вячеслав Володин Марлен Маматалиевди куттуктады