БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул ӨКМдин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча системалуу иштин уландысы болуп саналат. Акыркы беш жылда ведомство 652 даана автотранспорт жана атайын техника менен камсыздалып, ага 7 миллиард сом корогон.
Касымалиевдин айтымында, ӨКМдин 2025-жылга бюджети 5,5 миллиард сомдон ашты. Ага жыл ичинде кошумча каражат бөлүнүп, авариялык-калыбына келтирүү иштерине, инфраструктуралык долбоорлорго, өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарын өнүктүрүүгө жана стратегиялык объектилерди курууга багытталган.