БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Мексикадагы ири баңгизат мафиясынын лидери Немесио Осегера Сервантес жок кылынгандан кийин өлкөнүн беш штатында башаламандык болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Эске салсак, Халиско штатындагы аскердик федералдык операция учурунда Немесио Осегера Сервантес жок кылынган. Андан улам кылмыштуу топтун төрт мүчөсү каза таап, дагы үчөө оор жаракат алган. Алар Мехикого учак менен жеткирилип баратканда көз жумганын айтышты. Картелдин эки мүчөсү кармалды. Ал эми өкмөттүн аскерлеринен үчөө көз жумган.
Коргоо министрлиги операция учурунда топтон курал-жарактар жана сооттолгон техникалар, анын ичинде учактарды атып түшүрүүгө, атайын техникаларды жок кылууга жөндөмдүү ракеталык түзүлүштөр алынганын билдирген.
Мындан кийин баңгизат мафиясынын мүчөлөрү аталган штаттагы Улуттук гвардиянын базасына кол салган. Нааразылыгын билдиргендер аймактарда автоунааларды өрттөп, топтошуп алып жолдорду тоскон.
Бир катар маалыматтарда түрмөдө отурган кылмышкерлер качкан фактылар катталган. Аларды кайтаргандардын ичинен эки күзөтчүнү өлтүрүп кетишкен.
Мындай окуялардан кийин Гвадалахар аба майданында дүрбөлөң башталды. Коомго кооптулук жаралгандан кийин өлкө бийлиги шашылыш чараларды көрүп, тартип сакчылардын санын көбөйткөн. Мамлекеттин башчысы Клаудия Шейнбаум элди токтоолукка чакырып, ал эми армия менен күч түзүмдөрүнө ыраазылыгын айткан.
Reuters агенттиги Немесио Осегера Сервантести кармоого америкалык аскерлер көмөктөшкөнүн жазды.