Кыргызстандын Монголия менен соодасын күчөтүүгө жол ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан Монголия менен активдүү соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакын арада ЕАЭБдин Монголия менен убактылуу соода келишими күчүнө кирет. Ага ылайык, 367 товардык позиция боюнча бажы төлөмдөрү толугу менен жоюлат же төмөндөтүлөт.
"Преференциялар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Монголияга экспорттолгон товарлардын 90 пайыздан ашыгына, жалпы суммасы 2 млрд долларга чейин жайылтылат. Бул жылына 100 миллион долларга чейин каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Былтыр Кыргызстан Монголия менен 19,4 миллион долларлык соода жүргүзгөн.
Кыргызстан былтыр ЕАЭБ өлкөлөрү менен 5,9 млрд. долларлык соода кылды