БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бийлик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн 147 миллион сомго англис тукумундагы аргымактарды сатып алмакчы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинин долбоорунда камтылганын депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, каражат жылкы алууга гана эмес, аларды багууга жана саяпкерлердин акысына коротулат. Аттарды Көчмөндөр оюндарын утурлай сатып алуу мерчемделүүдө.
Документ бүгүн парламент комитеттеринин биринде каралат.
Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын быйыл Кыргызстан өзү өткөрөт. Ачылышы 31-августта Бишкек шаарында болуп, иш-чаранын калган бөлүгү Ысык-Көлдө өтөрү айтылган. Оюндарга 100дөн ашуун өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышат. Маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөрү маалым.