Чүйдө поезд коюп кеткен 17 жаштагы бала каза болуп калды

Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Чүйдүн Жайыл районунда 17 жаштагы бала поезд коюп каза тапты. Бул тууралуу облустук ИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя тууралуу милицияга бүгүн саат 14:54тө кабар түшкөн.
"Бишкек — Луговое багыты боюнча чыгыштан батышка бараткан жүк ташуучу поезд 17 жаштагы С.Р. аттуу адамды коюп кеткен. Жабырлануучу Кара-Балта шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Ал комага түшүп, бир аз убакыттан кийин көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Бишкек: Жалда 22 жаштагы кызды машина коюп кетип, каза болду