БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Алдамчылыкка шектүүнүн кармалышы
© Фото / Пресс-служба УВД Свердловского района Бишкека
Маалыматка ылайык, 2021-жылы милицияга М.К. кайрылып, И.Э. аттуу чала таанышы 2020-жылы Москва шаарында камакка алынган уулунун маселесин чечип берем деген шылтоо менен 1 миллион 50 миң рублин алып из жашырып кеткенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.
"2026-жылдын 20-февралында Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан 41 жаштагы И.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган жарандын ушул сыяктуу кылмыш фактыларына катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө", — деп айтылат кабарда.