Бишкектеги "Ак-Ниет" балдар үйүнөн качып кеткен 6 өспүрүм изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкектеги "Ак-Ниет" балдар үйүнөн качып кеткен алты бала изделүүдө. Бул тууралуу милициядан бирдиришти.
Маалыматка ылайык, үч бала менен үч кыз 20-январдан баштап бир-бирден дайынсыз боло баштаган:
20-январда — 16 жаштагы Лилия Төлөмүшова №72 орто мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон;
12-февралда — 16 жаштагы Билал Мусурманкулов "Ак-Ниеттен" чыгып кеткен бойдон жок;
13-февралда — 15 жаштагы Нурболот Замирбеков "Ак-Ниеттен" чыккан боюнча келген эмес;
17-февралда — 15 жаштагы Кристина Суханова чыгып кеткен бойдон дайынсыз;
18-февралда — 15 жаштагы Ислам Токтогул уулу "Ак-Ниеттен" чыгып кеткен боюнча жок;
19-февралда — 17 жаштагы Айданек Дүйшеева №72 орто мектептен чыгып кеткен бойдон келген эмес.
Маалыматта буга чейин да "Ак-Ниеттин" тарбиялануучулары качып, кайра табылганы айтылат.
Мындан тышкары, 9-январда Калыс-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен 17 жаштагы Мадина Тагаева менен 16-январда 11-кичи райондогу үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы Чолпонай Калмаматова изделүүдө.
Милиция балдарды көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнөт:
+996 224 214 346
+996 706 575 793
+996 702 519 806
+996 550 102 238
Бишкекте дайынсыз жоголгон 17 жаштагы кыз Караколдон табылды