БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкекте айып короого токтотулган автоунаасын айдай качкан киши кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Жол сакчылары 18-февралда (Lada) Priora автокөлүгүн токтотуп, айдоочунун күбөлүгү жок болгондуктан машинаны айып короого киргизген. Протокол түзүлүп жатканда айдоочу автоунаасына уруксатсыз отуруп, инспектордун бирин сүзө качкан.
"Милициянын кенже сержанты А.К. капоттун үстүндө калып, болжол менен 20–30 метр аралыкка чейин сүйрөлүп, жаракат алган. Андан соң шектүү окуя болгон жерден из жашырып кеткен", – деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча иш козголуп, шектүү катары кармалган 31 жаштагы А.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.