БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде кызматтык милдетин аткарууда курман болгон чек арачылардын элесине арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Иш-чарага мекеменин төрагасы Абдикарим Алимбаев, ардагерлер, офицерлер жана бөлүмдөрдүн өздүк курамы катышты. Салтанат мекен чегин коргоодо курман болгон жоокерлердин мүрзөлөрүнө гүлчамбар коюу менен башталды. Андан соң куран окулуп, катышуучулар курман болгондорду эскеришти.
"Мамлекеттик чек ара тилкесинде аскердик милдетин акырына чейин аткарган жоокерлердин эрдиги Кыргызстандын тарыхына түбөлүккө жазылып, аскердик антка берилгендиктин, кайраттуулуктун, туруктуулуктун жана Ата Мекенге чексиз кызмат кылуунун үлгүсү болуп калды", — деди Чек ара кызматы.
Салтанаттын соңунда катышуучулар өлкөнүн коопсуздугу, суверенитети жана аймактык бүтүндүгү үчүн өмүрүн берген мамлекеттик чек ара коргоочуларынын эрдигин символдоштурган эстеликке гүл коюшту.
Иш-чарага ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерин аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана жан аябастыгы үчүн Ата Мекен Баатыры мамлекеттик жогорку даражасы менен сыйланган запастагы капитан Мирбек Султанбек уулу да катышты. Ведомствонун башчысы аны сыйлыгы менен куттуктап, каармандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тез арада сакайышын каалап, кесиптештери керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.