24-февралга карата аба ырайы

24-февралда түнкүсүн айрым жерлерге жаан, тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 0…5, Талас жеринде 1…6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 12…17, Ысык-Көл облусунда 2…7 градуска жылып, Нарын өрөөнүндө -1…-3 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 0…2 болсо, Ош шаарында 14…16 градуска көтөрүлөт.
Күн алыс жаан-чачын күтүлөт. Бир аптага карата аба ырайынын божомолу