Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?

Sputnik
Тогуз тоонун тоомунда жайгашкан Кыргызстанды соода багытында транзиттик өлкө катары карап, бул багытта потенциалы бар экени айтылат. Бирок ал үчүн биринчи кезекте эле инфраструктура, туура жолго коюлган байланыш алакалары жана сааттай тактыкта иштеген система керек. Азыркы учурда өлкөдөгү логистиканын абалы кандай? Эмне жетишпейт? Кандай артыкчылыктары бар жана биз аркылуу өткөн жкүтөрдөн киреше табууну жолго коюу үчүн алгачкы кадамдар эмнеден башталышы керек? Бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда талкууладык.