Социалдык контрактты алгандардын 94,2 % аялдар — мамлекеттик колдоо натыйжа берип жатабы?

Sputnik
Быйыл “Социалдык контракт” программасынын алкагында 13 миңден ашуун үй-бүлөгө чакан бизнес ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет. Бул мүмкүнчүлүктү аз камсыз болгон жана жакыр жашаган үй-бүлөлөр пайдалана алат. Программанын негизги максаты — жарандарды жөлөк пулга көз каранды кылбастан, өз алдынча киреше табууга үйрөтүү болуп саналат. Бул долбоор 2022-жылы ишке ашырылып, бүгүнкү күнгө чейин 45 миң 557 үй-бүлө алып, алардын ичинен 14 үй-бүлө жылына миллион сомдук киреше таба башташты. Социалдык контракты алгандардын көпчүлүгүн (92,2пайыз) аялдар түзөт. Ошентип аталган программа жакырчылыкты жоюу менен бирге жумуш орундарын түзүүдө. Бул тууралуу “Ачык кеп” программасынын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Жалын Токтосунов айтып берди.