Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
ЕАЭБ мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан Монголия менен активдүү соода жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти. Маалыматка ылайык, жакын арада ЕАЭБдин Монголия менен убактылуу соода келишими күчүнө кирет. Ага ылайык, 367 товардык позиция боюнча бажы төлөмдөрү толугу менен жоюлат же төмөндөтүлөт. "Преференциялар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Монголияга экспорттолгон товарлардын 90 пайыздан ашыгына, жалпы суммасы 2 млрд долларга чейин жайылтылат. Бул жылына 100 миллион долларга чейин каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Былтыр Кыргызстан Монголия менен 19,4 миллион долларлык соода жүргүзгөн.
Бийлик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн 147 миллион сомго англис тукумундагы аргымактарды сатып алмакчы. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тескемесинин долбоорунда камтылганын депутат Дастан Бекешев билдирди. Анын айтымында, каражат жылкы алууга гана эмес, аларды багууга жана саяпкерлердин акысына коротулат. Аттарды Көчмөндөр оюндарын утурлай сатып алуу мерчемделүүдө. Документ бүгүн парламент комитеттеринин биринде каралат. Эскерте кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын быйыл Кыргызстан өзү өткөрөт. Ачылышы 31-августта Бишкек шаарында болуп, иш-чаранын калган бөлүгү Ысык-Көлдө өтөрү айтылган. Оюндарга 100дөн ашуун өлкөдөн үч миңден ашык спортчу катышат. Маданий иш-чаралардын байге фонду 4 миллион сомду түзөрү маалым.
Батыш мамлекеттери Украинадагы согуштан улам бир топ эле алсырады, ал эми ЕБдин жетекчилери Россия менен диалогго баруудан качып, жаңылыш кадам таштап жатат. Бул туурасында германиялык басылмасы жазды. "ЕБ өкүлдөрү Урсула фон дер Ляйен, Кая Каллас жарыша куралдануу жана Россияны кантип жеңиш керек деген ишке ашпаган ой менен гана алек болушат окшойт. Согуш Европага кайтып келди... Бир жылдан бери Путин менен байланышып, сөзгө келүүгө аракет жасалган жок. Алар бири-бири менен кепке келбей, болгону бири-бири тууралуу гана айтып, Россиянын президенти менен байланышкысы келбеген учурда кайдагы тынчтык орнойт?" — деп басылма суроо салган. Анда Батыштын Киевге куралдануу үчүн бөлгөн акчасы аталган аймакты стратегиялык тузакка илгени айтылат. "Төрт жылдык согуш маалында "каалоочулардын коалициясы" жаңжалга миллиарддаган евро жумшады. Бирок бул согуш ЕБди, анын көптөгөн мүчөлөрүн экономикалык жана саясий жактан алсыратты. Батышта, анын ичинде Борбордук Европада жооптуу кызматтарды ээлегендер аскердик конформизмдин тузагына түшүп калышкан. Украинадагы согуш тынч эмес, бүдөмүк келечекке алып бара турган жол сымал болууда", — деп жазылган макалада. Мурдараак Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков европалыктар украиндердин тынчтыкта жашоосун караган сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратып жатканын айткан. Москва Батыштын мамлекеттерине Киевди куралга шыкап, согушту создуктурууну шарттабаш керектигин бир нече ирет эскерткен.