Бишкекте унаа токтотуучу жайларды башкаруу жана төлөм системасын тартипке келтирүү маселеси акыркы мезгилде актуалдуу болуп турат. Шаар бийлиги төлөмдөрдүн ачыктыгын камсыз кылуу жана адам факторун азайтуу максатында санариптик ыкмаларга өтүүнү пландоодо.Мындан ары борбор калаадагы бардык унаа токтотуучу жайларда төлөмдөр QR-код аркылуу гана кабыл алынат. Учурда шаарда 3221 унаа токтотуучу жай бар жана пилоттук долбоор айрым аймактарда ишке ашырылууда.
“Sputnikтен сүйлөйбүз” программасынын алкагында «Шаардык жол жана транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасынын директору Бакай Асылбек уулу жаңы системанын максаты, ишке ашыруу жолдору жана күтүлүп жаткан жыйынтыктар тууралуу айтып берди.