Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Улуу Ата Мекендик согушка арналган фотокөргөзмө уюштурулуп, атайын экспонаттар коюлган кабинет ачылды. Иш-чара Сталинград салгылашынын 82 жылдыгына карата өткөрүлүп, тарыхый эстутумду сактоого багытталды. Көргөзмөдө архивдик сүрөттөр жана документтер коюлуп, студенттер үчүн таанып-билүүчү аянтча түзүлдү. Бул тууралуу КУУнун Журналистика жана коммуникациялар институтунун директору Ширин Костюк маалымдады. Анын айтымында, бул демилге айрыкча келечекте журналист боло турган студенттерге тарыхый фактылар менен иштөө, социалдык жоопкерчилик сезимин калыптандыруу үчүн маанилүү. Иш-чара жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, муундар ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган.