Кеминде бир жылда 10 млн. жөжө басып чыгара турган инкубатор салынат

Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кеминде бир жылда 10 миллион жөжө басып чыгара турган инкубатор салынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кеминдеги "Агрокуш" ишканасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев барган. Анда инкубатор менен бирге 20 миң тоок бакканга ылайык сарай жана 3,3 тонна тоңдурулган эт сактай турган кампа курулууда. Ошондой эле ишканада саатына 30 тонна жем чыгара турган заводдун курулушу да башталган.
"Натыйжада тоок этинин өндүрүшү 29 пайызга өсүп, жылына 15 миң тоннага жетет. Жем өндүрүшү 28 миң тоннадан 115 миң тоннага чейин көбөйөт. Ал эми жергиликтүү фермерлер жыл сайын ишканага 78 миң тоннадан ашык жүгөрү, буудай сата алат", — деп айтылат маалыматта.
Долбоор "талаадан ашканага чейинки чынжырды" түзүп, жумуш орундарын көбөйтүп, азык-түлүк коопсуздугун бекемдей турганы айтылды.
Сугат жердин аянты 15 миң гектарга көбөйөт. Айыл чарбадагы пландар